Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чанша шаарындагы тиричилик калдыктарын кайра иштетип, андан электр энергиясын өндүргөн комплекстин иши менен таанышты. Бул тууралуу мериядан билдиришти
Шаардык делегация “Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.” компаниясынын ишканасына барып, таштандыны кабыл алуудан тартып кайра иштетүүгө чейинки технологиялык процессти көрдү. Компаниянын өкүлдөрү ошондой эле экологиялык көзөмөл системасы жана электр энергиясын өндүрүү ыкмасы тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, комплекстин суткалык кубаттуулугу 10 миң тоннадан ашык тиричилик калдыгын кайра иштетүүгө жетет. Ишканада абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды тазалоо, өндүрүштү автоматташтырылган көзөмөлдөө жана калдыктарды коопсуз утилдештирүү технологиялары колдонулат.
Бул ишкана Бишкекте курулуп жаткан таштандыны кайра иштетүү комплексинин экинчи этабын ишке ашырып жаткан Junxin компаниясына таандык. Буга байланыштуу Чаншадагы тажрыйба Бишкек үчүн да практикалык мааниге ээ.
Бишкектеги комплекстин биринчи этабы суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетүүгө эсептелген. Экинчи этап бүткөндөн кийин анын жалпы кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага чейин көбөйөт.
Иш сапардын соңунда тараптар Чанша шаарынын тажрыйбасын Бишкекте колдонуу, таштандыны кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана калдыктардан электр энергиясын өндүрүү системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.



