Башкы беткеКоомБишкекте бир катар аймактарда газ берүү үч күнгө токтотулат

Бишкекте бир катар аймактарда газ берүү үч күнгө токтотулат

Бишкектин айрым аймактарында 21–23-сентябрь күндөрү жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкекгаз” газ кызматынын маалыматына караганда, өчүрүү орто басымдагы жер алдындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Жаратылыш газы Токомбаев, Малдыбаев, Ахунбаев, Ажыбек Баатыр, Тыналиев, Масалиев, Садырбаев, Манас айылы көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен чектешкен аймактарда, ошондой эле “Арча-Бешик”, “Кыргызстан-1” жана “Ынтымак” жаңы конуштарында убактылуу берилбейт.

“Бишкекгаз” абоненттерден өчүрүү учурунда альтернативдүү булактарды колдонууну өтүндү.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштер газ менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар