Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылып, сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдө айып пул салынат. Бул багытта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору тарабынан рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кызыл китепке кирген жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган адамдарга төмөнкүдөй айып пул каралган:
илбирс — 2 млн сом;
аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен — 1,5 млн сом;
кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн — 50 миң сом;
Орто Азия кундузу жана Мензбир сууру — 20 миң сом.
Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагына караштуу «Кашка-Суу» жайлоосунда тоо текесинин мыйзамсыз атылганы аныкталган.
Бул факт боюнча протокол түзүлүп, укук бузуучуга 12 миң 500 сом административдик айып салынган. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.
Иштин материалдары мыйзам чегинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Министрлик мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддерди мындан ары да улантарын белгиледи.



