Башкы беткеКоомДастан Каныбек уулу Азия оюндарында Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди

Дастан Каныбек уулу Азия оюндарында Кыргызстанга алгачкы медалды алып келди

Кыргызстандык мушкер Дастан Каныбек уулу Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында ММА боюнча коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Ал 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде япониялык Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда ирандык Чаедифар Аминди да ушундай эсеп менен утуп, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу өзбекстандык Фирдаус Атамуратов менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калды. Ошентип, Дастан Каныбек уулу мелдешти коло медаль менен жыйынтыктады.

Бул медаль Кыргызстан үчүн XX Азия оюндарындагы алгачкы байге болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн намысын 168 спортчу коргоп жатат. Алардын курамында 58 машыктыруучу жана жети дарыгер менен укалоочу бар.

Азия оюндары 4-октябрга чейин уланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар