Ош шаарында жаңы филармониянын имаратын куруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, азыркы филармониянын имараты талап кылынган стандарттарга жооп бербейт. Ошондуктан шаар мэриясы менен биргеликте жаңы имарат үчүн жер тилкеси изделүүдө.
Жер маселеси чечилгенден кийин филармониянын курулушуна каржы бөлүү каралат. Депутаттар ошондой эле музыкалык мектептин жана Султан Ибраимов атындагы драма театрынын абалы боюнча маселелерди көтөрүштү.



