Ош шаарындагы Сулайман-Тоону реконструкциялоо иштери октябрь айында башталат. Бул тууралуу Маданият министри Мирбек Мамбетов Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашып, анын жалпы суммасы 12 млн долларды түзөт. Учурда тендерге катышкан компаниялардын сунуштары бааланууда.
Реконструкциянын алкагында Сулайман-Тоодогу жарыктандыруу системасын жаңылоо, Үңкүр музейин модернизациялоо, тоого чыгуучу жолдорду жана анын айланасындагы жолдорду оңдоо каралган.
Ошондой эле тоонун этегине декоративдүү бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга АРИС жооптуу болот.
Депутат Уланбек Жаанбаев долбоорго бөлүнгөн 12 млн доллардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.
Министрдин маалыматына караганда, долбоор ЮНЕСКОнун адистеринин сунуштарынын негизинде иштелип чыккан.



