14–20-сентябрда Албаниянын Тирана шаарында информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасы (BOI 2026) өттү. Мелдешке 75 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы бир коло медаль жана бир Ардак грамотага ээ болду. Коло медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкаев, Ардак грамотаны “Акылман” президенттик лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаев алды.
Команданы Медербек Осмонов жетектеп, машыктыруучу Евгений Кичак жетекчинин орун басары болду.



