Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматында Бишкек шаарында эмгек тажрыйбасы бир жылга жете элек жаш тергөөчүлөр үчүн семинар-кеңешме өткөрүлдү. Иш-чарага Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын жетекчилери жана эксперттери катышты.
Семинардын жүрүшүндө соттук-генетикалык, баллистикалык жана дактилоскопиялык экспертизаларды туура дайындоо, ошондой эле эксперттик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын кылмыш иштерин тергөөдө натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эксперттер соттук-генетикалык изилдөөгө объектилерди даярдоо жана жөнөтүү тартибин, биологиялык издерди алуу, таңгактоо жана сактоо талаптарын, экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдорду туура тариздөөнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле тергөөчүлөрдүн эксперттик бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү тартибин кеңири түшүндүрүштү.
Мындан тышкары, биологиялык объектилердин жоголуп кетишине жана булганышына жол бербөө, үлгүлөрдү туура алуу жана аларды талаптагыдай сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Аталган талаптарды так сактоо жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн ишенимдүү жыйынтыктарын алуу үчүн маанилүү.
Семинардын катышуучулары экспертизаларды дайындоо жана өткөрүүдө келип чыккан практикалык суроолоруна жооп алышып, тергөө бөлүмдөрү менен эксперттердин өз ара аракеттенүүсүндө кездешкен көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, кылмыш иштерин тергөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууда жана тергөөдө соттук экспертизанын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.




