Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылып жаткан «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоорунун алкагында 8 256 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, насыялардын жалпы көлөмү 5 млрд 448 млн сомду түздү. Алар «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу жылдык 6 пайыздык үстөк чен менен, 36 айга чейинки мөөнөткө берилүүдө.
Каржылоонун басымдуу бөлүгү — 4 млрд 939 млн сомго жакыны мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Өсүмдүк өстүрүүгө 445,2 млн сом, ал эми суу үнөмдөөчү технологияларга 63,3 млн сом каралган.
Долбоордун негизги максаты — айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өндүрүшүн кеңейтүүгө шарт түзүү жана ата мекендик продукциянын көлөмүн көбөйтүү.



