Башкы беткеПрезидентКыргызстан криминалды бир суткада жок кылды - Садыр Жапаров

Кыргызстан криминалды бир суткада жок кылды – Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолугушканда Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн криминалдын таасирин жоюу жана коррупцияга каршы күрөш менен байланыштуу экенин билдирди.

Ал жолугушууда 2020-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топтордун өлкөдөгү таасири күчтүү болгонун айтып, бийликке келгенден кийин криминал “бир суткада жок кылынганын” белгиледи.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда коррупция дагы деле бар, бирок мурдагыдай деңгээлде эмес. Мамлекет башчысы чет элдик ишкерлерди Кыргызстанга келип, мыйзамды сактап, салык төлөп иштөөгө чакырды. Анын айтымында, бүгүнкү Кыргызстан 2020-жылга чейинки өлкөдөн айырмаланат жана таза иштеген ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Президент акыркы төрт жылда ИДПнын өсүшү 10 пайыздан төмөн болбогонун, быйыл экономика 11,1 пайызга өскөнүн айтты. Жапаров экономикалык өсүштүн негизги шарттары катары криминалдын жана коррупциянын азайышын, ошондой эле мамлекеттик каражаттын уурдалышына жол бербөөнү атады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар