Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик контингенти Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларына катышууда.
Машыгуулар 2026-жылдын 20-сентябрынан 3-октябрына чейин Россия Федерациясынын Чебаркуль полигонунда өткөрүлөт.
Кыргызстандын аскердик контингенти 20-сентябрда машыгуулар өтүүчү жерге жөнөп кетти.
Аскер кызматкерлери ЖККУга мүчө мамлекеттердин «Взаимодействие-2026», «Поиск-2026» жана «Эшелон-2026» биргелешкен машыгууларына, ошондой эле «Центр-2026» стратегиялык командалык-штабдык машыгуусуна катышат.
Машыгуулардын жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө жана биргелешкен милдеттерди аткаруу боюнча практикалык тажрыйбаны жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.




