Башкы беткеКоомБишкекте 650 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Бишкекте 650 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 окуучуга ылайыкталган жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы имараттын курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган.

Долбоорго ылайык, окуу корпусу үч блоктон туруп, имараттын жалпы аянты 1 217 чарчы метрди түзөт.

Жаңы корпуста окуучулар үчүн заманбап окуу класстары жана лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана спорт залы каралган.

Жаңы окуу корпусунун ишке берилиши Калыс-Ордо конушундагы окуучулар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар