Башкы беткеКоомБишкекте өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмү ачылат

Бишкекте өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмү ачылат

Келерки жылы Бишкек шаарында Өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмүнүн курулушу башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча Өрт көзөмөл кызматынын 90 бөлүмү иштейт. Мындан тышкары, айрым объектилерде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы бөлүмдөрдүн бири Достоевский жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, экинчиси Чокан Валиханов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде курулат.

ӨКМден билдиришкендей, аталган аймактарда көп кабаттуу турак жайлардын курулушу активдүү жүрүүдө. Анын ичинде Достоевский көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар