Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте «CYBERNOMAD FEST 2026» киберкоопсуздук боюнча улуттук фестивалы өтүүдө

Бишкекте «CYBERNOMAD FEST 2026» киберкоопсуздук боюнча улуттук фестивалы өтүүдө

Бүгүн, Бишкекте 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкекте өтүп жаткан «CYBERNOMAD FEST 2026» киберкоопсуздук боюнча улуттук фестивалга катышты.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, финансы-банк секторунун, телекоммуникациялык жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун 700дөн ашуун өкүлү катышууда.

Фестивалдын негизги иш-чараларынын бири — Маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму болду.

Отурумда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, актуалдуу киберкоркунучтарды баалоо, ошондой эле маалыматтык жана киберкоопсуздук жаатындагы координациялоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Фестивалдын алкагында тематикалык панелдик сессиялар, технологиялык көргөзмө жана практикалык киберокутуулар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле киберкоопсуздук боюнча мелдештердин финалдык этабы өтүп, ага тандоонун эки турунан ийгиликтүү өткөн 11 команда катышууда.

«CYBERNOMAD FEST 2026» кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, практикалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле маалыматтык жана киберкоопсуздук жаатында мамлекеттик органдар, бизнес, эксперттик жана кесиптик коомчулуктун ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар