Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.
Жолугушууда Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүнө байланышкан маселелер, чек ара аймактарындагы кызматташтыкты өркүндөтүү, адам укуктарын коргоо жана калктын социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багыттары талкууланды.

Тилек Текебаев облус үчүн ЕККУ менен кызматташтык маанилүү экенин белгилеп, уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан практикалык колдоого жогору баа берди.
Ошондой эле облус башчысынын өкүлү Жалал-Абаддын айыл чарба, өнөр жай, энергетика жана туризм тармактарындагы потенциалына токтолду.
Ал чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, аялдар менен жаштардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багыттарында кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусу менен ЕККУнун ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле келечектеги программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар өз ара кызматташтыкты улантууга жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экенин белгилешти.



