Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан Пекиндеги Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда өз демилгелерин сунуштады

Кыргызстан Пекиндеги Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумда өз демилгелерин сунуштады

Бүгүн, 22-сентябрда Пекинде  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Пекин шаарында өткөн “Туруктуу транспорт: адамдар үчүн ыңгайлуу мобилдүүлүк жана үзгүлтүксүз жүк ташуу” темасындагы Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумга катышты.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өз сөзүндө транспорт туруктуу экономикалык өнүгүүнүн жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуунун негизги өзөгү экенин белгилеп, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен кызматташуунун төрт негизги багытын илгерилетүүнү сунуштады:

  • Чек ара аралык транспорттук байланышты өнүктүрүү жана туруктуу Евразиялык логистикалык коридорлорду калыптандыруу;

  • Тоолуу аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен калк үчүн жеткиликтүү транспортту өнүктүрүү;

  • Экологиялык таза жана туруктуу транспортко жетишүүнүн жолдорун издөө;

  • Транспорт тармагын туруктуу өнүктүрүү үчүн санариптик трансформациялоону андан ары жогорулатуу.

Ошондой эле ал «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорго өзгөчө токтолуп, бул демилге аймактык байланышты гана чыңдабастан, бүтүндөй Евразия континентинин транспорттук-логистикалык дараметин кеңейтүүгө олуттуу салым кошоорун баса белгиледи.

Форумга Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шохрат Закир, Азербайжандын Премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев, Казакстандын Премьер-министринин биринчи орун басары Нурлыбек Налибаев, ошондой эле бир катар мамлекеттердин транспорт министрлери, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дипломаттар катышты.

Иш-чаранын алкагында Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтүп, коридорду эл аралык соода үчүн эң натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жолдордун бирине айландыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков Шохрат Закир менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Маалымат үчүн: Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форум 2023-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал туруктуу транспорт тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен аракеттерди координациялоо үчүн негизги глобалдык аянтчалардын бири болуп саналат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар