Кытайдын Улуттук күнү жана Күз ортосу майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттарында жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөрүү төмөнкү убакыттарда жүргүзүлбөйт:
25-сентябрь саат 22:00дөн 26-сентябрь саат 08:00гө чейин;
1-октябрь саат 22:00дөн 4-октябрь саат 08:00гө чейин.
Чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына сапарларын жана жүк ташууларын пландаштырууда бул чектөөлөрдү эске алууну эскертти.



