Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда кызматкерлер үчүн жаңы велнес-зона ачылды.
Мекемеден билдиришкендей, жаңы мейкиндик кызматкерлердин активдүү эс алуусуна жана дене тарбия көнүгүүлөрү менен машыгуусуна ылайыкталган.
Велнес-зонада теннис столу, шахмат ойной турган бурч, машыгуу велосипеди жана башка спорттук шаймандар орнотулган.
Анын ачылышына саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов, ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов жана фонддун кызматкерлери катышты.
Маалыматка ылайык, бул мейкиндик ММК фонду менен Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин биргелешкен демилгесинин алкагында түзүлгөн. Ал кызматкерлердин бош убактысын пайдалуу өткөрүп, спорт менен машыгуусуна шарт түзөт.



