Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бажы тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Эрлист Акунбеков Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү маселесинде Кытайдын Мамлекеттик кеңеши тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылып жаткан Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына ыраазычылык билдирди.
Тараптар ошондой эле Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилешти.
«Торугарт» аркылуу дан азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңейтилет
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын экспорттоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Бул мүмкүнчүлүк, өзгөчө, Кыргызстандын Чүй облусундагы дыйкан-фермерлер үчүн өз продукциясын Кытай рыногуна чыгарууга жаңы шарт түзөт.
«Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу дан азыктарын ташууга кошумча каттамдын ачылышы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, «Эркечтам» өткөрмө пунктундагы жүктөмдү азайтууга жана айыл чарба продукциялары боюнча эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, «Торугарт» өткөрмө пунктунун иштөө графигин узартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Үч маанилүү протоколго кол коюлду
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда үч протоколго кол коюлду.
Алар төмөнкү багыттарды камтыйт:
Кыргыз Республикасынан Кытайга жылкыларды экспорттоодогу карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө протокол;
Кыргыз Республикасынан Кытайга экспорттолуучу кой жана эчки этинен жасалган продукцияга карата талаптар жөнүндө протокол;
Кыргыз Республикасынан Кытайга жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоо боюнча фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол.
Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө келечектеги кызматташтыктын конкреттүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилешти.
Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери тарабынан колдоого алынган макулдашууларды ишке ашыруу үчүн тиешелүү органдардын ортосунда тыгыз кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашуу жетишилди.



