Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону сунуштады

Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону сунуштады

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп жатып, БУУнун ишин реформалоо зарылдыгына токтолуп, Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүү маселесин көтөрдү.

Өлкө башчысы БУУнун жогорку трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө эл аралык коомчулук күтүп жаткан негизги өзгөрүүлөрдүн бири — Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин реформалоо жана анын курамын кеңейтүү экенин баса белгиледи.

“Эл аралык коомчулук күтүп турган реформа бул Коопсуздук Кенештин курамын кеңейтүүдө 1 млрддан ашык эли бар Африка континентине эки орунду, ал эми Латын Америка континентине 1 орунду туруктуу түрдө берүү бул адилеттүүлүк болмок деп эсептейм. Азыр дүйнө өзгөрдү. Ошондуктан кээ бир өнүккөн мамлекеттер дагы Коопсуздук Кенешине мүчө болобуз деген ниеттери бар. Ал мамлекеттердин арыздарын да карап көрүү туура деген ойдомун”, – деди Президент.

Мамлекет башчысы мындан тышкары БУУнун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин күчөтүүнү сунуштады. Анын айтымында, кабыл алынган чечимдердин системалуу аткарылбай жатышы эл аралык укуктун натыйжалуулугуна таасир этүүдө.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында мүчө мамлекеттердин резолюцияларды жана милдеттенмелерди аткаруусу боюнча Туруктуу коомдук реестр түзүүнү сунуштады.

Аталган реестрде мамлекеттердин кабыл алынган чечимдерди аткаруу деңгээли, үзгүлтүксүз отчеттору жана тиешелүү аналитикалык маалыматтар камтылып, бардык өлкөлөр үчүн ачык-айкындуулук камсыздалышы керектигин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар