Башкы беткеПрезидентЖапаров санкцияларды киргизүү укугун БУУга берүүнү сунуштады

Жапаров санкцияларды киргизүү укугун БУУга берүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарында санкция маселесине токтолду.

Ал санкциялар айрым учурларда эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатканын айтып, бир тараптуу санкциялардын чакан өлкөлөргө да терс таасири тийип жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров санкцияларды киргизүү чечимдери БУУнун Уставына жана Коопсуздук кеңешинин ыйгарым укуктарына ылайык кабыл алынышы керектигин билдирди. Анын пикиринде, кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугу БУУга берилиши зарыл.

“Санкцияларды киргизүү чечимдери Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жана Коопсуздук Кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде гана кабыл алынышы керек. Кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна беришибиз керек! Эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун мүмкүн болгон жалгыз жолу – мына ушул. Биринчи кезекте, Уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизүүбүз керек. Санкциялар боюнча демилгелерди алдын ала карап чыгуу – алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет”, – деп белгиледи өлкө башчысы.

Мындан тышкары, БУУнун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүп, аларды үзгүлтүксүз карап туруучу эл аралык механизм түзүүнү сунуштады.

“Ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөйт жана укуктары кеңейет. Ошондой эле санкцияларды кайсы бир өлкө башка бир өлкөгө каршы өзүнүн саясий же экономикалык пайдасы үчүн өзүм билемдик менен колдонуу коркунучу жоголот. Ар бир мамлекет өзүм билемдик кылбашы керек. БУУ күчтүү болуш керек. БУУ санкция салат дегенди укканда ар бир мамлекет титиреп туруш керек. Мына ошондо гана дүйнөдө катуу тартип орнойт. Антпесе БУУнун кээ бир чечимдерин эч ким тоготпой калды. Ар ким өз билгенин кылып жатат”, – деди Жапаров.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар