Башкы беткеМинистрлер кабинетиКулубаев: Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде конструктивдүү саясат жүргүзөт

Кулубаев: Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде конструктивдүү саясат жүргүзөт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин учурдагы туруктуу эмес жана жаңы шайланган мүчөлөрүнүн жыл сайын өтүүчү министрлик кечки тамагына катышты.
Министр Коопсуздук Кеңешинде учурда жоопкерчилик аркалап жаткан мамлекеттердин тажрыйбасын 1-январдан тартып ишке кирише турган жаңы шайланган мүчөлөрдүн даярдыгы менен айкалыштырган бул форматтын өзгөчө маанисин белгиледи. Ошондой эле Кеңештеги мөөнөтү аяктап жаткан Дания, Греция, Пакистан, Панама жана Сомалиге кошкон салымы жана топтогон тажрыйбасы үчүн ыраазычылык билдирди.
Министрликтен маалымдашкандай, министр Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы Борбордук Азиянын бардык мамлекеттери тарабынан колдоого алынганын белгилеп, өлкө бул мүчөлүктү артыкчылык катары эмес, региондун жана жалпы эле Уюмдун алдындагы жоопкерчилик катары кабыл аларын баса белгиледи. Ал Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде БУУнун Уставын, эл аралык укукту жана адам өмүрүн коргоо принциптерин жетекчиликке алуу менен конструктивдүү жана ырааттуу багыт жүргүзөрүн айтты.
Кыргызстандын 2027–2028-жылдары Коопсуздук Кеңешинде Борбордук Азиядан жалгыз өкүл болушуна байланыштуу тематикалык артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарында БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборун жана БУУнун Тынчтыкты куруу боюнча комиссиясын колдоо, ошондой эле Афганистандагы туруктуулук жана тоолуу өлкөлөр үчүн тынчтык, өнүгүү жана климаттык туруктуулуктун өз ара байланышы маселелери белгиленди. Министр 2027-жылдын октябрында Бишкек шаарында «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити өтөрүн эске салып, кесиптештерин ага катышууга чакырды.
БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо маселесине токтолуп, Министр Ж. Кулубаев Кыргызстандын адилеттүү географиялык өкүлчүлүктү колдогон принципиалдуу позициясын ырастады. Ал Африка, Азия жана Латын Америкасындагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин тарыхый жактан жетишсиз өкүлчүлүгү оңдоону талап кылган эң көрүнүктүү тең салмаксыздыктардын бири бойдон калып жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында Тышкы иштер министри Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ишенимдүү өнөктөш жана региондор менен ар кандай позициялардын ортосундагы көпүрө болууга даяр экенин билдирип, Кеңештин учурдагы жана жаңы шайланган мүчөлөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө умтуларын ырастады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар