Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте Түндүк айланма жолдон Чымкент токтотмо жайына алып баруучу Безымянная көчөсүнүн жаңыланган бөлүгүн ачты.
Бул иштер «Дордой» базарынын аймагындагы жолдорду реконструкциялоонун экинчи этабынын алкагында аткарылды.
Жолдун асфальт-бетону жаңыланып, тротуарлар жана ирригациялык система курулду. Бул базарга келгендердин, тургундардын жана ишкерлердин коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.
Реконструкциялоо иштерин «Дордой» базарынын ээлери жана ишкер субъекттери каржылаган. Подрядчы катары «Каменная дорога Бишкек» ЖЧКсы тартылган.
Кийинки этапта Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки Элебесов көчөсүнүн бөлүгү оңдолот.
Жолдорду реконструкциялоо унаа жана жөө жүргүнчүлөр көп каттаган аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.



