Башкы беткеПрезидентПрезидент: Кыргызстан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдойт

Президент: Кыргызстан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдойт

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Кыргызстан эл аралык маселелерди диалог жана тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганын билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, БУУ 80 жылдан бери эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда негизги аянтчалардын бири болуп келет. Ошол эле учурда дүйнөнүн айрым аймактарында согуштар жана чыңалуулар дагы деле уланып жатат.

Ал Украина, Иран, Судан жана Палестинадагы окуяларды мисал келтирип, согуш аракеттери жана гуманитардык кризистер эл аралык кырдаалдын татаалдыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Кыргызстан диалогдун жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн күчүнө ишенген өлкө. Биз көйгөйлүү маселелерди чечүүдө медиаторлук ишти аткарууга даярбыз», — деди Садыр Жапаров.

Президент Борбор Азия өлкөлөрү акыркы жылдары мамлекеттер аралык татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө болорун көрсөтүп жатканын айтты.

Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө Борбор Азия конструктивдүү кызматташтыктын, экономикалык, инфраструктуралык жана технологиялык өнүгүүнүн үлгүсүнө айланып жатат.

Садыр Жапаров Кыргызстан бул багытта топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар