Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумушчу сапар менен Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына келди.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушат.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Кытайдын бир катар компанияларынын жана уюмдарынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Жумушчу сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бүткүл дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө да катышат. Ал көргөзмөнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөйт.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана санариптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо пландалууда.



