Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова кымбатчылык шартында майыптыгы бар жарандарга жана балдарга берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмүн кайра карап чыгууну сунуштады.
Ал парламенттин 23-сентябрдагы жыйынында азык-түлүк, дары-дармек жана коммуналдык кызматтардын баасы өсүп жатканын белгилеп, социалдык колдоону күчөтүү зарылдыгын айтты.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрына карата Кыргызстанда 218 миңден ашуун майыптыгы бар адам катталган. Анын ичинен 37 миңден ашыгы балдар. Учурда майыптыгы бар жарандарга берилүүчү ай сайынкы жөлөк пул майыптыктын категориясына жараша 3 миңден 8 миң сомго чейин түзөт.
Депутат жөлөк пулдун өлчөмүн учурдагы социалдык-экономикалык шарттарды эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштады.



