Кыргызстанда аскерге чакырууну уюштуруу жана чакырылуучуларды медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кабминдин 21-сентябрдагы №632 токтомуна ылайык, аскердик каттоо жана медициналык кароонун негизги этаптары «Аскер» системасына өткөрүлөт. Аскер комиссариаттарына чакыруу тууралуу билдирүүлөр «Түндүк» тиркемеси, push-билдирүү же SMS аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттик органдар 15-ноябрга чейин аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандар тууралуу маалыматтарды «Аскер» системасына өткөрүп бериши керек. Медициналык кароонун жыйынтыктары жана аскердик-врачтык комиссиялардын корутундулары электрондук түрдө таризделет.
Аскердик каттоо тууралуу маалымат жана аскердик билеттин электрондук версиясы «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинетте жеткиликтүү болот. Кагаз түрүндөгү документтерди алуу мүмкүнчүлүгү да сакталат.
Өзгөртүүлөр медициналык кароого байланыштуу талаптарды да камтыйт. Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



