Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭкономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик активдерди башкарууну талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик активдерди башкарууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралууу тиешелүү министрликтен билдиришти.

Жолугушууда мамлекеттин катышуусундагы ишканаларды реформалоо, мамлекеттик активдерди башкарууну жакшыртуу жана корпоративдик башкарууну өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле бизнес чөйрөнү жакшыртуу, ишкердикти жана атаандаштыкты өнүктүрүү, рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей жана ачык шарттарды түзүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү жана мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар