Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте 25-сентябрда кан тапшыруу акциясы өтөт

Бишкекте 25-сентябрда кан тапшыруу акциясы өтөт

Бишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу боюнча акция өтөт. Иш-чара саат 08:00дөн 14:00гө чейин Республикалык кан борборунда (Чыңгыз Айтматов проспекти, 60) уюштурулат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордо жылына орточо 30 миң 500 литр донордук кан даярдалат. Кыргызстанда 1000 адамга орточо 12 донор туура келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча бул көрсөткүч 1000 адамга 40 донор болушу керек.

Кан тапшырууну каалагандар өздүгүн тастыктаган документин алып келиши зарыл.

Адистер донорлорго кан тапшыруудан мурда майлуу, куурулган тамактарды жана сүт азыктарын колдонбоону эскертет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар