Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул жылдын август айында КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында эки өлкө башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
Минкаб башчысы Кытай тарапты Күз ортосу майрамы жана КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 77 жылдыгы менен куттуктап, Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жеткирди.
Жолугушууда талкууланган негизги багыттар жана долбоорлор:
Ири инфраструктуралык долбоорлор: Адылбек Касымалиев «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу флагмандык долбоор экенин белгилеп, анын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле «Барскоон – Бедел – Үчтүрпан – Аксуу» унаа жолун курууну жана жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын түптөөнү жигердештирүү сунушталды.
Инвестиция жана өнөр жай: Кытай ишканалары, өзгөчө Чжэцзян провинциясынын компаниялары Кыргызстанда биргелешкен индустриалдык борборлорду түзүүгө жана «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишине катышууга чакырылды.
Энергетика жана мунай-газ: Сапардын алкагында энергетика тармагында кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду. Бин документ биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз болору белгиленди.
Каржы жана туризм: Каржылык өнөктөштүктү тереңдетүү жана түз корреспонденттик байланыштарды кеңейтүү сунушталды. Ошондой эле Хайнань аралына саякаттоодогу визасыз режим үчүн ыраазычылык билдирилип, Бишкек менен Санья шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси көтөрүлдү.
Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян соода-экономикалык, инвестициялык, жашыл энергетика, жасалма интеллект жана санариптик экономика тармактарында кызматташууну чыңдоого даярдыгын билдирди. Ал Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын саммити жана Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жогорку деңгээлде өткөнүн кошумчалады.



