Президент Садыр Жапаровдун 15-сентябрда башталган Түштүк Корея жана АКШга болгон сегиз күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, президенттин №1 мамлекеттик учагы Бишкек — Сеул — Аляска — Солт-Лейк-Сити — Нью-Йорк — Шаннон — Бишкек багыты боюнча учуп, сегиз күндүн ичинде үч континентти басып өттү.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Корея — Борбор Азия саммитине катышты. Ошондой эле АКШнын Юта штатында тоо туризми жана спорттук инфраструктура менен таанышты.
Нью-Йорк шаарында президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөп, бир катар эки тараптуу жолугушууларды жана бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Аскат Алагөзовдун маалыматына караганда, президент иш сапардын алкагында учакта жалпы 32 саат убакыт өткөргөн.



