Бишкекте 3–9-ноябрь күндөрү «Улуу-Элес» II эл аралык балет артисттеринин сынагы өтөт. Эл аралык иш-чара кыргыз балет өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналат.
Сынакты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры уюштурууда.
Иш-чарага балет артисттери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Ал эми сынактын калыстар тобуна дүйнөлүк балет өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрү кирет. Көркөм жетекчиси — Кыргызстандын Эл артисти Айзада Тумакова.
Башкы байге — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Гран-при. Аны жеңген катышуучуга 200 миң сом тапшырылат. Мындан тышкары, байгелүү орундарга акчалай сыйлыктар, дипломдор жана атайын номинациялар боюнча сыйлыктар берилет.
Уюштуруучулардын айтымында, сынак балет өнөрүн өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана Бүбүсара Бейшеналиеванын чыгармачылык мурасын кийинки муунга жеткирүүгө багытталган.
Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз профессионалдык балетинин калыптанышына чоң салым кошкон. Ал «Чолпон», «Анар», «Асель» балеттеринде жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларда башкы партияларды аткарган.
1958-жылы ага СССРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.



