Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Румыния саясий диалогду өнүктүрүү маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Румыния саясий диалогду өнүктүрүү маселесин талкуулады

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Румыниянын тышкы иштер министри Оана-Сильвия Цою менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-румын саясий диалогун өнүктүрүү, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жана 2026–2028-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкер чөйрөлөрдүн түз байланыштарын өнүктүрүү маселелери каралды.

Румыния тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Жээнбек Кулубаев Румыниянын тышкы иштер министрин Кыргызстанга сапар менен келүүгө жана 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Дүйнөлүк тоо саммитине катышууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар