Башкы беткеКоомБишкектеги жаңы автобекеттин курулушу 95 пайызга аяктады

Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу 95 пайызга аяктады

Бишкекте салынып жаткан жаңы автобекеттин негизги имаратынын курулушу 93–95 пайызга, ал эми айланасын жашылдандыруу иштери 96 пайызга аткарылды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы автобекет 26 гектар аянтты ээлейт. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Комплекс жети блоктон турат.

Имаратта эки эскалатор, төрт бир орундуу жана төрт эки орундуу лифт орнотулган.

Учурда куруучулар инженердик иштерди жана аймакты көрктөндүрүүнү аяктап жатышат. Каныбек Туманбаев объектти пайдаланууга берүүгө даярдоодо курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Жаңы автобекет борбор калаанын түндүк-батыш тарабында, “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо, Пригородное айылынын артында, жаңы Ош базарынын жанында жайгашкан.

Белгилей кетсек, Жибек Жолу проспектисиндеги эски Батыш автобекети 1981-жылдан бери иштеп, 2024-жылдын 23-октябрында жүргүнчүлөрдү тейлөөнү токтоткон. Андан кийин каттамдар “Ак-Кула” ат майданынын аймагындагы убактылуу жайга көчүрүлгөн.

Жаңы автобекеттин курулушун 2025-жылдын жайында аяктоо пландалган. Кийин объектти 2026-жылдын май же август айларында пайдаланууга берүү мөөнөтү айтылган. Азырынча анын так ачылыш күнү жарыялана элек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар