Нью-Йоркто экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Ортоңку коридордун боюндагы байланыш, каржылоо жана энергетика» деген темада өткөн жетинчи Каспий бизнес-форумуна катышты.
Форумда министр Ортоңку коридордун Азия менен Европанын ортосундагы экономикалык көпүрө катары маанисин белгиледи. Бул каттамды өнүктүрүү сооданы кеңейтүүгө, инвестиция тартууга, энергетика тармагындагы кызматташтыкты жана аймактык байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Бакыт Сыдыков Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун андан ары өнүктүрүүгө жана аны башка аймактык транспорттук каттамдар менен интеграциялоого өзгөчө көңүл бурду. Ал чек ара жана бажы жол-жоболорун өркүндөтүү, соода процесстерин санариптештирүү жана бирдиктүү аймактык логистикалык системаны калыптандыруу зарылдыгын белгиледи.
Министр ошондой эле Ортоңку коридорду транзиттик каттам катары гана эмес, инвестиция тартуунун, заманбап технологияларды киргизүүнүн жана аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн куралы катары кароо керектигин баса белгиледи.



