Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Болгариянын тышкы иштер министри Велислава Петрова-Чамова менен жолугушту. Жолугушуу 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү.
Министрликтен билдиргендей тараптар саясий диалогду активдештирүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультациялардын кезектеги раундун өткөрүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Болгариянын Европа Биримдигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүсү талкууланды.
Жээнбек Кулубаев болгариялык кесиптешин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-болгар мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана ар кандай деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга кызыкдар экенин билдиришти.



