Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грециянын тышкы иштер министри Георгиос Герапетритис менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-грек мамилелерин өнүктүрүү жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда саясий консультацияларды улантуу, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана бир катар тармактарда жаңы макулдашууларды даярдоо маселелерине көңүл бурулду.
Атап айтканда, аба каттамдары, инвестицияларды коргоо, дене тарбия жана спорт тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү талкууланды.




