Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Малайзиянын соода жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 6 эсеге өстү

Кыргызстан менен Малайзиянын соода жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 6 эсеге өстү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту.

Жолугушуу бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-малайзиялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле 2024-жылы Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга, 2025-жылы президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарларынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси каралды.

Касымалиевдин айтымында, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик алты эсеге өскөн. Ал мамлекеттик органдар жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды күчөтүп, сооданы мындан ары кеңейтүү жана диверсификациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кароону сунуштады.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз-малайзиялык биргелешкен комиссиянын ишин жандандыруу демилгесин көтөрдү.

Анвар Ибрагим Малайзия эки тараптын өз ара кызыкчылыгына жооп берген бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар