Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Улуу Британия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Улуу Британия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йорк шаарына сапарынын алкагында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Эд Милибэнд менен жолугушту.

Министрликтен маалымдашкандай, тараптар кыргыз-британ соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын жана өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушууда тараптар биргелешкен иште жетишилген жылыштарды жана кызматташтыктын оң динамикасын, анын ичинде санкцияларга байланыштуу маселелерди да белгилешти. Алар келип чыккан маселелерди өз убагында карап чыгып, эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Бакыт Сыдыков кыргыз тараптын Улуу Британия менен ачык жана предметтүү диалогду улантууга, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тарапка тең пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар