Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүн көпчүлүк саясат таануучулар, эл аралык
талдоочулар жогору баалап жатышат. Тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов Садыр Жапаровдун сөзүнө токтолуп, негизги үч багытты белгиледи.
Президентибиз Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүн курч, прагматикалык олуттуу билдирүү катары бааласак болот. Ал негизинен олуттуу 3 багытты камтыган сөз сүйлөдү:
1. Санкция саясатына карата олуттуу, аргументтүү, жетишерлик деңгээлде кайраттуу жана резонанстуу кайрылуу жасады. Айрым ири державалардын, өнүккөн мамлекеттердин санкцияны бир жактуу, кээ бир өлкөлөргө карата басым жасоо, алардын иштерине киришүү, ультиматум кою куралы катары колдонулган санкция саясатын сынга алганы көпчүлүктүн көңүлүн буруп, купулуна толду.
Бул кичинекей өлкөнүн ири державалардын санкция саясатына карата айтылган алгачкы ачык, кайраттуу билдирүү болгону талашсыз факт болду.
2. БУУну реформалоо аркылуу санкция салуу укугу бир гана БУУнун Коопсуздук Кеңешине таандык болушун жана анын механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши санкция салат – дегенде кандай өлкө болсо да титиреп туруусу, ошол кадамдар аркылуу алсырап бара жаткан БУУнун беделин, аброюн көтөрүүгө олуттуу кадам катары баалоого болот.
Муну кийинки жылдын 1-январынан баштап БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып бара турган, Кыргыз Республикасынын олуттуу саясий амбициясынын жана туруктуу позициясынын алгачкы стратегиялык кадамы катары бааласак болот деген пикирдемин.
3. Экологиялык жана климаттык прагматизм. Биздин Президент тек гана экологиялык көйгөйлөрдү айтпастан, алгылыктуу каржылык сунуштарды ортого салды. Ал азайып бара жаткан, Кыргызстандын бермети Ыссык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трастык фонд түзүүнү демилгелеп, ага алгачкы $10 млн. мамлекеттик бюджеттен бөлүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул кадамды өлкөнүн экономикалык туруктуулугу жана глобалдык маселелерге жоопкерчиликтүү мамилеси катары бааласак болот.
Президент Садыр Жапаровдун БУУнун БА 81-сессиясындагы сөзүн эл аралык аренадагы реалдуу улуттук кызыкчылыктарды колдогон, глобалдык эл аралык саясаттагы кээ бир адилетсиз мамилелерди ачык көрсөткөн жана чечкиндүү сунуш менен айырмаланган ачык кайрылуу катары, коомчулук кабыл алып жатканын баса белгилөө абзел.
Бул жолку сөзү менен Президентибиз Кыргыз Республикасы эл аралык аренада жөн эле “угуучу” эмес, өз үнү жана демилгеси бар эл аралык мамилелердин субьектиси катары көрсөтө алган көпчүлүктү кубандырды, бул зор тарыхый, саясий факт болуп калды.
Абытов Байболот Капарович
тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМУ, Чыгыш таануу институту



