Башкы беткеМинистрлер кабинети"Камбар-Ата-1" ГЭС долбоору боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү

“Камбар-Ата-1” ГЭС долбоору боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү

21-23-сентябрь күндөрү Алматы шаарында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер, энергетика, каржы, суу ресурстары боюнча мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна байланыштуу үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раундун өткөрдү.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдиргендей жолугушууда проектти каржылоонун ыкмалары, ошондой эле үч өлкөнүн мындан аркы координациясы боюнча маселелер каралды.

Өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору боюнча биринчи раунддагы сүйлөшүүлөр Бишкек шаарында 31-март жана 2-апрель күндөрү, экинчи раунд Ташкент шаарында 28–30-апрелде өткөн. Үчүнчү раунд Алматыда болду.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСине 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин маалымдаган. Дүйнөлүк банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүүнү да караштарып жатканы айтылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар