Кыргызстан 1-октябрда биринчи жолу космоско спутник учурат. Бул тууралуу Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана “Кыргыз электроника” ААКсынын директору Илья Черный билдирди.
Журналисттерге спутник Бишкектеги Ленин заводунда көрсөтүлдү. Аны иштеп чыгууга 2,5 жыл кеткен. Салмагы 5 килограмм, баасы болжол менен 10-12 миллион сом. Спутникти Калифорния аймагынан учуруу пландалууда.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи.
“Үшүк жүрүү же кургакчылык коркунучун алдын ала байкап, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн да колдонсо болот. Буга чейин “Кыргыз электроника” компьютерлерди жана ККМ аппараттарын чогултуп келсе, бүгүн биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз”, — деди Акунбеков.
Ал эми “Кыргыз электроника” ААКсынын директору Илья Черный спутник көп тармактуу экенин, мисалы, анда Айыл чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар экенин айтты. Иштеп чыгууга кыргызстандык он инженер катышкан.
“Технологиялардын көпчүлүгү Россиядагыдай эле, анткени спутникти нөлдөн баштап иштеп чыгуу 5-10 жылды талап кылат”, — деп түшүндүрдү ал.



