Декабрь айынын тарта SCAT авиакомпаниясы Бишкек — Санья — Бишкек багыты боюнча түз чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди.
Жаңы каттам Кыргызстандагы жүргүнчүлөргө Кытайдын Хайнань аралындагы популярдуу курорттук Санья шаарына түз жана кайра каттамсыз учууга мүмкүнчүлүк берет.
Чартердик программа Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туристтик байланыштарды кеңейтүүгө жана Бишкектен Кытайга түз каттамдардын мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө шарт түзөт.



