Башкы беткеПрезидентАрслан Койчиев Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушту

Арслан Койчиев Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Астана шаарында Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки боордош элдин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдөөгө негиз болгон өз ара урмат-сый, ынтымак, биримдик, өз ара жардамдашуу жана түшүнүшүү принциптеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле кыргыз жана казак элдеринин кылымдар бою калыптанган тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарын сактоо жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара колдоону жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы коомдук жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар