Башкы беткеМинистрлер кабинетиУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмү жаңы жабдуулар менен камсыздалды

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмү жаңы жабдуулар менен камсыздалды

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап медициналык жабдуулар орнотулуп, ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бөлүмдү жаңы офтальмологиялык жабдуулар менен камсыздоо демилгеси эки жыл мурда Шарджа эмиратынын вице-эмири Султан бин Ахмад аль-Касиминин Улуттук госпиталга болгон сапары учурунда көтөрүлгөн. Долбоордун алкагында жалпы наркы 68 млн 144,8 миң сомдук жабдуулар 2026-жылдын башында жеткирилип, орнотулуп, пайдаланууга берилген.

Жаңы жабдуулардын арасында контактсыз тонометр, периметр, Meridian MKQ SLT лазердик системасы, оптикалык когеренттик томограф, операциялык оптикалык микроскоп, фундус-камера, ультраүндүк диагностикалык аппарат, оптикалык биометр жана катарактаны факоэмульсификациялоо менен витреоретиналдык хирургия үчүн аппарат бар.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улук Кулукеевдин айтымында, жаңы жабдуулар ооруларды так аныктоого жана хирургиялык операцияларды сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле башка медициналык борборлорго жөнөтүлгөн бейтаптардын санын азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Бөлүмдө жылына орто эсеп менен 1,5–1,8 миң операция жасалат. Заманбап жабдуулар менен бул көрсөткүчтү жылына 3–3,5 миң операцияга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында Аламүдүн районунун Октябрь айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Анын жалпы баасы 23,6 млн сомду түзгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар