Башкы беткеКоомОшто Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

Ошто Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

Ош шаарынын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу мериядан билдиришти.

Айтыштын тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтөт. Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Ал эми түштүк аймагындагы төкмө акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда саат 10:00дө Ош шаарында уюштурулат.

Тандоо турларынын жыйынтыгында эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат.

Финалдык баскыч 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.

Айтыш упайлык негизде өткөрүлүп, акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталат. Калыстар төкмөлүк чеберчиликти, сөз байлыгын, теманы ачып берүү жөндөмүн, үнүн, комуз чертүү чеберчилигин жана сахна маданиятын эске алышат.

Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Иш-чараны Ош шаардык мэриясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду уюштурууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар