Башкы беткеПрезидентБ. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы корпусу ачылды

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы корпусу ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин окуу корпусунун ачылыш аземине катышты.

Алгач Мамлекет башчысы жаңы корпустагы шарттар менен таанышты. Жалпы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имаратта заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Андан соң сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров маданиятты сактап, ошол өнөрдү аздек тутуп, андан ары өнүктүрүүгө таланттуу жаштарды тарбиялоо – өзгөчө жоопкерчиликтүү иш экенин белгиледи.

“Жаңы окуу корпусунун салынышы – бул улуттук маданиятыбызды өркүндөтүүгө, өнөрлүү жаштардын келечегине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү деген сөз”, – деди Президент жана окуу жайдын тарыхына кыскача токтолду.

1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн бул окуу жайга 1974-жылы элибиздин сыймыктуу кызы, 

улуттук балет өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган. 1993-жылы институттун курамынан Калый Молдобасанов атындагы консерватория өз алдынча окуу жай болуп бөлүнүп чыгышы – өлкөбүздөгү музыкалык билим берүүнүн өнүгүшүндөгү маанилүү этаптарынан болгон. 2013-жылы окуу жай Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра түзүлгөн.

“Өткөн жылы биздин алдыбызга мына ушундай алтымыш жылдык тарыхы бар, миңдеген таланттарды эл кызматына таптап чыгарган университеттин имарат жетишсиздигин чечүү маселеси коюлган. Анын үстүнө окуу жайдын жатакана тибиндеги окуу корпусу бүгүнкү замандын талаптарына да туура келбей калган экен. 

Мындан улам, былтыр искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Бүгүн бардык шарттары түзүлгөн жаңы имарат таланттуу жаштарыбыз үчүн эшигин ачты”, – деди Садыр Жапаров.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар