Башкы беткеКоомЖМКларды президенттик шайлоого аккредитациялоо башталды

ЖМКларды президенттик шайлоого аккредитациялоо башталды

Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого байланыштуу ЖМКлар жана интернет-басылмалар БШКнын «Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу каттоодон өтүшү керек.

Аккредитацияга арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 14-октябры.

Аккредитациядан өтүү үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар төмөнкү документтерди электрондук тутум аркылуу тапшырууга тийиш:

жетекчинин аты-жөнү, байланыш маалыматтары жана басылманын координаттары көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы тууралуу арыз;

ЖМКны Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди каттоо тууралуу документтин көчүрмөсү;

маалымат же маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;

уставдын көчүрмөсү, эгерде бар болсо;

эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмада материал жайгаштыруу укугун берүүнүн баасы жана башка шарттары тууралуу маалымат.

БШК ЖМКлардан документтер кагаз түрүндө же электрондук почта аркылуу кабыл алынбай турганын белгиледи. Аккредитацияга арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы “ЖМКны аккредитациялоо” бөлүмү аркылуу кабыл алынат.

Мыйзамга ылайык, эфир убактысы же басма аянты үчүн белгиленген төлөм бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей болушу керек. Ошондой эле анын өлчөмү шайлоо дайындалган күнгө чейинки алты ай ичинде белгиленген нарктан жогору болбоого тийиш.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар