Башкы беткеКоомКыргызстан 2028-жылкы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө арыз берди

Кыргызстан 2028-жылкы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө арыз берди

Кыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлигин расмий сунуштады. Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) Азия футбол конфедерациясына (АФК) тиешелүү билдирмесин жөнөткөнүн биримдиктин басма сөз кызматы маалымдады.

Футзал боюнча Азия Кубогу — континенттеги маанилүү мелдештердин бири. Турнирдин финалдык баскычына 16 улуттук курама команда катышат.

КФБ АФКга турнирди өткөрүүгө байланыштуу комплекстүү концепциясын сунуштаган. Анда спорттук объектилер, машыгуу базалары, мейманкана инфраструктурасы, транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар камтылган.

АФКнын өкүлдөрү Кыргызстанга 30-сентябрдан 2-октябрга чейин инспекциялык сапар менен келери күтүлүүдө. Сапардын жүрүшүндө өлкөнүн турнирди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү жана сунушталган инфраструктура бааланат.

Азия Кубогун кайсы өлкө өткөрөрү АФК тарабынан талапкерлердин сунуштарын жана тиешелүү материалдарды карап чыккандан кийин аныкталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия Кубогунун тандоо баскычындагы беттештерин үч жолу кабыл алган.

АФКнын футзал жана пляж футболу боюнча комитети 2028-жылкы Азия Кубогунун даталарын да бекиткен. Финалдык этап 2028-жылдын 25-январынан 5-февралына чейин, ал эми тандоо оюндары 2027-жылдын 7–15-сентябрында өтүшү пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар