Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандын Япониядагы "Туризм элчиси" дайындалды

Кыргызстандын Япониядагы “Туризм элчиси” дайындалды

Японияда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда туризм жана ишкердик багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган жолугушуу өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги Йошида Кейгону Япониядагы коомдук өкүлү — “Кыргыз Республикасынын Туризм элчиси” кызматына дайындалганын расмий тааныштырды.

Агенттиктин 2026-жылдын 15-сентябрындагы буйругуна ылайык, Йошида Кейгого Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн Японияда жана эл аралык деңгээлде таанытууга көмөктөшүү милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн ортосундагы туристтик жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, туризм тармагына инвестиция тартууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.

Агенттик жаңы өкүлдүн ишмердиги Кыргызстан менен Япониянын туризм тармагындагы өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө багытталарына ишеним билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар